«Борбор Азия жана АКШ» аналитикалык борборлордун биринчи Форуму

2025-жылдын 1-октябрында Ташкентте «Борбор Азия жана АКШ» аналитикалык борборлордун биринчи Форуму өттү, ал аталган өз ара аракеттенүү форматынын түзүлгөнүнө 10 жыл толушуна арналган. Иш-чара Борбор Азиянын Эл аралык институту тарабынан Вашингтондун Каспий саясаты борбору (Caspian Policy Center) жана «Наследие» Фонду (АКШ) менен өнөктөштүктө, Америка-Өзбек соода палатасы, Америка-Кыргыз ишкердик кеңеши жана Америка-Тажик ишкердик кеңеши менен бирге уюштурулган.

Форумдун ишине 120дан ашуун адам катышты, алардын арасында дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жетекчилери жана мүчөлөрү, АКШнын жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн алдыңкы аналитикалык жана илимий-изилдөө борборлорунун жетекчилери, министрликтердин, ведомстволордун өкүлдөрү жана Өзбекстанда жайгашкан америкалык ишкердик чөйрөлөрдүн өкүлдөрү болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө аймактык коопсуздукту жана туруктуулукту бекемдөө маселелери, терроризмге, экстремизмге жана трансчек аралык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча С5+1 Жумушчу тобунун алкагындагы биргелешкен аракеттер, ошондой эле аймактык жана аймак аралык өз ара байланышты жогорулатуу чаралары – анын ичинде Орто коридорду өнүктүрүү, санариптик жана энергетикалык инфраструктураны кеңейтүү, түз чет элдик инвестицияларды тартуу жана америкалык жана эл аралык каржы институттары менен кызматташтыкты тереңдетүү каралып чыкты.

«Экономикалык көпүрөлөрдү куруу: өз ара аракеттенүү, соода жана жеке сектор менен өнөктөштүк» пленардык сессиясында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун бөлүм башчысы Омуралиева Салтанат Шейшеновна баяндама жасады. Ал өзүнүн сөзүндө «С5+1» форматынын Борбор Азия өлкөлөрү менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы тең укуктуу диалог жана ишеним платформасы катары маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле Омуралиева С. өлкөдө бюрократияны азайтууга, мамлекеттик кызматтарды санариптештирүүгө жана мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган реформаларды сунуштады.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун башкы эксперти Омуркулов Азамат «Климаттын өзгөрүшүнүн Борбор Азияга тийгизген таасири: аймактын туруктуу өнүгүүсүнө коркунучтар жана чакырыктар» темасында баяндама жасап, тоолуу аймактардагы экологиялык көйгөйлөрдү чечүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи жана Кыргыз Республикасы «жашыл» энергетика, өзгөчө гидроэнергетика тармагындагы кызматташтыкты бекемдөөгө, ошондой эле экологиялык инфраструктураны модернизациялоо чөйрөсүндө чоң маани берерин баса белгиледи. Экология, туруктуу жаратылышты пайдалануу, суу ресурстарын рационалдуу башкаруу жана биологиялык ар түрдүүлүктү коргоо багытында өз ара аракеттенүүнү активдештирүүгө кызыкдар экени баса белгиленди.

Advertisement

Загрузка

Signing-in 3 seconds...

Signing-up 3 seconds...

All fields are required.